Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттарга Темиров LIVE кеңсеси эмне үчүн тинтилгенин айтты. Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде «Темиров LIVE редакциясынын журналисттеринин иши боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө» каралды.
Министрдин орун басарынын айтымында, 22-январда Бишкек ШИИБге жаран кайрылып, Логвиненко 55 жана Сухомлинов 52 даректериндеги адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «Арыз ээсинин айтымында, 2021-жылдын 25-октябрынан баштап аны баңгизатын колдонууга көндүрүшкөн, — деди ИИМ жетекчисинин орун басары. Анын айтымында, бул арыздын негизинде кылмыш иши козголгон. «Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Арыз ээси суракка алынып, көрсөтүлгөн даректер боюнча тинтүү жүргүзүлгөн. Издөө учурунда бир жарандан баңгизат табылса, экинчи жаран көчөдөн кармалып, андан да баңгизат табылган», — деди ал. Мындан тышкары, ал эксперттердин чыгарган жыйынтыгына караганда, бир жарандан жалпы салмагы 8 граммды түзгөн гашиш, дагы бир жарандан жалпы салмагы 14,71 граммды түзгөн баңги заты табылганын айтты.
- Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон.
- 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө.
- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Назаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.