ИИМ Темиров LIVE редакциясында эмне үчүн тинтүү жүргүзүлгөнүн айтты

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттарга Темиров LIVE кеңсеси эмне үчүн тинтилгенин айтты. Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде «Темиров LIVE редакциясынын журналисттеринин иши боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө» каралды.

Министрдин орун басарынын айтымында, 22-январда Бишкек ШИИБге жаран кайрылып, Логвиненко 55 жана Сухомлинов 52 даректериндеги адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. «Арыз ээсинин айтымында, 2021-жылдын 25-октябрынан баштап аны баңгизатын колдонууга көндүрүшкөн, — деди ИИМ жетекчисинин орун басары. Анын айтымында, бул арыздын негизинде кылмыш иши козголгон. «Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Арыз ээси суракка алынып, көрсөтүлгөн даректер боюнча тинтүү жүргүзүлгөн. Издөө учурунда бир жарандан баңгизат табылса, экинчи жаран көчөдөн кармалып, андан да баңгизат табылган», — деди ал. Мындан тышкары, ал эксперттердин чыгарган жыйынтыгына караганда, бир жарандан жалпы салмагы 8 граммды түзгөн гашиш, дагы бир жарандан жалпы салмагы 14,71 граммды түзгөн баңги заты табылганын айтты.