Буга чейин интернет тармагында жүргүнчү менен кайым айтышкан милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган. Учурда бул факты боюнча ИИМдин тиешелүү кызматтары тарабынан териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган видеого тиешелүү жарандар такталууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлиги укук коргоо органдарынын формасын мыйзамсыз кийген же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасалма документтерин пайдаланган жарандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.