ИИМ: «Улукбек Карыбек уулу милициянын талабына баш ийбегендиктен, топтолгон материал сотко жөнөтүлгөн»

Блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«10-июль күнү ИИМдин күзөт кызматынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчиликтен жооптуу кызматкери милициянын майору Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер видео тартуу тобу менен чогуу кирип, күзөт кызматынын кызматкеринин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган. Жогорудагы аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан блогердин жүргөн жери аныкталып, укук бузуу протоколун толтуруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, ал жерден 128-берене (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен жаран укук бузуу протоколу толтурулуп, кое берилген. Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген«,- дешти.