17-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү өтүп жатат. Ички иштер министрлиги тарабынан шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган чаралар көрүлүүдө.
Жер-жерлердеги ички иштер органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынан турган атайын 50дөн ашуун “Документтештирүү топтору” түзүлүп, иш алып барылууда. Шайлоо мыйзамдарын бузуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милицияга бардык мыйзам бузууларга токтоосуз чара көрүү тапшырмасы берилди. Аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону, алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу максатында бир катар жетекчилер региондорго бекитилген. Жалпысынан 15 миң ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте камсыз кылып жатышат.