ИИМдин Академиясында кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон курсанттар эскерилди

ИИМдин Академиясынын «Даӊк» мемориалынын алдында кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттар Вячеслав Шкрум, Никита Кущ жана Эдил Такырбашевди эскерүү-реквиеми болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чара «Даӊк» мемориалына гүл чамбарларын коюу жана мүнөттүк эскерүү менен башталды.

ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Абитов эскерүү аземин ачып жатып, мекен үчүн өз өмүрүн аябастан, кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон курсанттардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

«Биз аларды эч качан унутпайбыз, алардын жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат. Алардын эл үчүн жасаган эрдиги өсүп келе жаткан жаш муунга өзгөчө таасир калтырды. Үлгү болушту. Биз алар менен сыймыктанабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чаранын соӊунда каза болгон курсанттардын жаркын элесине арналып ИИМдин Академиясынын жетекчилиги курсанттардын энелери менен биргеликте “Данк” аллеясына бак отургузушуп, түштөндүрүү уюштурулуп, куран окутулду.