ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата иш-чара өттү

Кечээ, 18-апрелде Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын тутумунда басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул бөлүктүн түптөлүшүнүн тарыхы Ички иштер министрлигинин 1984-жылдын 18-апрелиндеги буйругу чыккандан тарта башталат. Мындан 38 жыл мурда Ички иштер министрлигинин тутумунда өз алдынча бөлүм катары пресс-бюро түзүлүп, кийин басма сөз кызматына айланган.

Заманбап шарттарда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жарандарга милициянын иши жөнүндө объективдүү маалыматысыз, жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүз, медиа мейкиндигинде пайда болгон маалыматтык жагдайларга жана чакырыктарга ыкчам реакциясыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул милдеттерди ички иштер органдарынын басма сөз кызматынын кызматкерлери ийгиликтүү чечип келе жатышат.

Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыттары катары тартип сакчыларынын жагымдуу имиджин калыптандыруу, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдыруу, кадыр-баркын жана беделин көтөрүү, формачан адамдарга болгон элдин ишенимине ээ болуу саналат. ЖМКлар, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары, анын ичинде маалымат жыйындарды жана брифингдерди уюштуруу аркылуу ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз жана өз убагында берүү маанилүү милдеттердин бири болуп эсептелет.

Калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, анын ичинде диний сабырдуулук жана толеранттуулук чөйрөсүндө, кылмыштуулуктун алдын алууда, жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууда, ошондой эле олуттуу мааниге ээ болгон ички иштер органдарынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууда ачык-айкындуулукту, маалымдуулукту камсыздоого басым жасалат, анткени алар милициянын негизги принциптери болуп саналат.

Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Басма сөз кызматы башкы башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Басма сөз кызматын өз учурунда Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Бакыт Сеитов, Рахматулло Ахмедов, Гүлсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов жетектеп келген. Узак аралыкка чейин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматын Бакыт Сеитов жетектеген. 2022-жылдын март айынан бери бул бөлүмдү Тилек Оторов жетектейт. Учурда ведомствонун басма сөз кызматында тажрыйбалуу кызматкерлерден турган команда түзүлүп, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн коомчулукка өз убагында жана объективдүү жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын борбору модернизацияланып, пресс-студия түзүлүп, эң заманбап атайын техникалар жана жабдуулар менен камсыздалган. ИИМдин Басма сөз кызматынын борбору заманбап жабдыктар менен жабдылуусунун деңгээли боюнча азыркы учурда Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын басма сөз кызматтарынан артта калбайт.

Ички иштер министрлигинин Инстаграмдагы баракчасы мамлекеттик органдардын, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын расмий аккаунттарынын арасында абдан белгилүү жана көп катталуучуларга ээ.