ИИМдин имаратындагы тактага өмүр бою сыртынан кесилген Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

10-ноябрь күнү ИИМдин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү. Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер катышты. Ал эми имаратка илинген тактадан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтүн да көрүүгө болот. Жаныш Бакиев 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Сот аны, Максим Бакиевди, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновду сыртынан өмүр бою кескен.