ИИМдин өкүлү: «Компьютер оюндарына акча чогултуу үчүн жарамазан айткан балдар бар»

АРХИВ

Орозо айы жарамазан айтуу менен коштолот. Жарамазан айтуу – тилемчиликтин жаңы формасына айланып кеткен жокпу? Түпкү тарыхы бурмаланбай элеби? Бул ирет биз он эки айда бир келген орозонун кунүндө айтылган жарамазан темасынын алкагында сүйлөштүк.

«Менин бала чагымда балдар жарамазанды коңшуларга эле айтчу. Азыр бир кичи райондон экинчи кичи районго чейин жарамазан айтып кетип калышууда. Ата-эненин жоопкерчилиги каралыш керек. Ата-энелерге айып пул салынат. Анын өлчөмү 1 миң сом. Мындай рейд аймактарда да өткөрүлүп жатат», — деди ИИМдин өкүлү.

Ал эми Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлү балдар жарамазанды салт эмес, адатка айландырып алганын айтты. «Жарамазан айтуунун эрежесин так аткарбай, жолго чыга калган учурлар бар. Иш-чаралар жүрүп жатат. 3-10-класстын окуучуларынын арасында болот. Ата-энесинен акча сурай албай, жарамазан айткандар бар. Акчанын эмнеге керек экенин айтышат. Сууга, таттууга, компьютер оюндарына акча чогултуу үчүн жарамазан айткан учурлар бар», — деди ал.