ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп Исмайил Сагыналиев дайындалды

Исмайил Сагыналиев Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Сагыналиевдин эки жогорку билими бар. 2002-жылы Жучуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалап келген. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт.
Чүй ОИИББдин ЭММКАКтын бөлүм начальниги, ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги болгон.
Ички иштер органдарында кызмат өтөө учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Жанбаев Нурлан Сатваевич болгон.