ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев көз жумду

Милициянын полковниги Исмайил Сагыналиев күтүүсүз жерден каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Исмайил Сагыналиев 1979-жылдын 9-январында туулган. Ички иштер органдарында өз ишин 2003-жылдан баштап Бишкек ШИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун милиционери кызматынан баштаган. Андан ары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалган.