ИИМге сурак берүүгө депутат Алтынбек Сулайманов да келди

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ИИМге күбө катары сурак берүүгө келди. Анын айтымында, сурак президент Садыр Жапаровго кайрылууга байланыштуу болушу мүмкүн.

«Азыр кирип чыгайынчы (ред. ИИМге), анан белгилүү болот. Суракка күбө катары келдим», — деди ал.

Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.