«Иликте деп берсем, өзүмдү жиликтеп жатат». Рыскелди Момбеков жасалма делген диплому боюнча үн катты

18-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жаналиев «Социал-демократтар» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экенин айткан. Ал эми талапкер бул иш боюнча БШКнын жыйынында үн катты.

«Ушул ишти УКМКнын алып чыкканына уялып жатам. Бул иш боюнча айта турган болсом, бул кылмыш иш эмес, бул кыңыр иш. Бул кыңыр иш көп жылдардан бери келе жатат. Мен буга өзүм кызыкдар болгом. 2017-жылы мен УКМКнын ошол учурдагы төрагасына ушул иш боюнча иликтетип берүүсүн өзүм сурангам. Ал киши бүгүн абакта жатат. Күбө катары УКМКнын тергөөчүлөрү сураса болот. 2018-жылы УКМКнын ошол убактагы төрагасына барып, иликтеп берүүсүн өзүм дагы сурангам. 2020-жылы министр болуп турган Канат Садыковду кабинетиме чакырып, дипломумдун көчүрмөсүн колуна берип, тактап берчи «ушундай номурда башка бир адамдан чыгып атат» деп өзүм сурангам. Мен өзүм иликте деп берсем, мени бүгүн жиликтеп жатышат. Диплом жасалма болсо, муну кыскартып койгонго бардык мүмкүнчүлүктөр бар болчу», — деди ал.