«Иликтеп, жоопко тартабыз». Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучуларга барды

Бүгүн, 3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, ата-энелер менен жолугушту. Буга чейин кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

«Кырсык болгон жерде айрым ЖМКлар айтылып жаткандай, террордук же кандайдыр бир кылмышка байланыштуу далилдер аныкталган жок. Бул коопсуздук сакталбаган маалдагы шалаакылык болуп эсептелет. Уюштуруу иштеринде өтө көп кемчилик кеткен. Ошол эле унааларды адамдардын арасына чыгарбоо керек болчу. Коопсуздук маселесин бузган жетекчилер боюнча иликтеп, жоопко тартабыз. Президент Садыр Жапаров иликтеп келесиң деп жөнөттү. Мен кечээ командировкада элем, түнү менен учуп келдим. Жабыр тарткан балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү. Жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет. Учурда медиктер кеңешип жатат, эгерде Бишкекке алып кетүү зарылдыгы болсо, президенттин тапшырмасы менен атайын учакта алып кетебиз», — деди ал.

Ташиевдин айтымында, жабыркаган балдардын абалын жакшы деп айтуу оор.

«Жеке көз карашымда манас айтуу боюнча өтүп жаткан иш-чараларды туура эмес деп эсептейм. Мурда биздин балалыгыбызда манасты бир-эки адам айтчу, калган жүздөгөн жана миңдеген киши укчу. Азыр болсо, миңдеген адам айтат, аны эч ким укпайт. Ушул маселени катуу жолго коюу керек. Райондор өз ара мелдешип, ким көп адам топтойт деп, ким чоң өткөрөт деп… Жергиликтүү бийлик органдарынын жана манас айтууну уюштуруп жаткандардын чоң шалаакылыгы деп эсептейм. Бул үчүн жоопкерчилик болушу керек», — деди ал.