Иликтөөчү журналист Болот Темиров кеңсесинде тыңшоо жүргүзүлүп келгенин айтты

Factcheck.kg сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров кеңсесине белгисиз адамдар тыңшоочу аппарат орнотконун айтып чыкты. 

Анын айтымында, ал кеңседен тыңшоочу аппарат тапкан. Болот Темиров ошондой эле атайын каражаттары бар унаа кеңсенин жанында саат 10:00дөн 16:00гө чейин нөөмөттө турганын айтты.

«Атайын каражаттар менен жабдылган унаа көптөн бери нөөмөттө турат. Үчүнчү жаңылык — өнөктөш долбоордогу досубуз Болот Назаровго дайыма ошол таксист келип турат. «Жорго» эмне үчүн ал айдоочуну дайыма жиберип турганы түшүнүксүз. Башкача айтканда, башка айдоочу чалат, ал эми дайыма ушул айдоочу келет. Биз анын номери кимге таандык экенин билүүнү чечтик жана күтүлбөгөн жерден «Нурик УКМК», ал тургай «Нурлан АКС» деп чыкты», — деп жазган журналист.

Белгилей кетсек, Болот Темиров YouTube каналында «Temirov Live» каналын түзүп, анда журналисттик иликтөөлөрүн жарыялап турат.