Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматтан кетти

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматтан кетти. Аталган Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин маалымат кызматынын берген маалыматына ылайык, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдерин сактабагандыгы үчүн кызматтан кеткен.