Илимпоз Гүлзат Аалиева үй камагына чыгарылды

Философия илимдеринин кандидаты, расалык, этникалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга шектелип жаткан Гүлзат Аалиеваны үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарына таянып, 24.kg жазды. 

Такталгандай, мындай чечимди бүгүн, 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Гүлзат Аалиева 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүнөн чыкпашы керек. Баш коргоо чарасы 21-июнга чейин кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Гүлзат Аалиева теңирчиликти үгүттөп, исламды сындап келет. Философия илимдеринин кандидаты муфтияттын дарегине дагы сын айтып жүргөн. Илимпозду кечээ милицияга суракка чакырышып, камап коюшкан.