«I“ll be back!» Атамбаев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө барарын айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-февралда абактан чыкты. Ал дарылануу үчүн кайсы өлкөгө барууну пландап жатканын айтты. 

«Социнтерндин» чакыруусу бар. Жеке чакыруу Испаниянын премьер-министринен болгон. Ал өзү мени бошотуу үчүн байланышкан. Ага жана Испаниянын өкмөтүнө ыраазымын. Мен Испанияда дарыланышым керек. Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айала абакка жеке өзү келди», — деди ал.

Алмазбек Атамбаев дарылангандан кийин мекенине келерин белгиледи. «Мага тез арада дарылануу керек. Бирок мурдагыдай эле, мен кайра келем. I’ll be back (Мен кайтып келем!)», — деди ал.