«Ильяздын ыры» чыгармасын жазган Жолдошбек Бузурманкулов каза болду

Милициянын полковниги, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнө салды.
Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Жолдошбек Бузурманкулов ИИМдин алгачкы маалымат катчысы болгон.
Ал 1969-жылы аскер кызматына келген.
1991-жылы «Бетме-бет» ведомстволук гезитинин редакторунун орун басары болуп эмгектенген.
1993-2004-жылдары ИИМдин маалымат кызматын жетектеген.
«Милициянын отличниги» сыйлыгынын ээси.
Ошондой эле ал көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан «Ильяздын ыры» чыгармасынын сөзүн жазган.

SUPER TV Жолдошбек Бузурманкуловдун дүйнө салганына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.