Имамидин Ташовдун апасы: «Мен эне катары чыдай албай жатам»

«Балам жакшы. Сыртынан көрдүм» деди “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы журналисттерге.

«Садыр Жапаровго кайрылат элем. Өзүңүз көзөмөлгө алып, үй камагына чыгарып берсеңиз. Сизден суранам. Экинчи жолу өзүн кескилеп жатат. Мен эне катары чыдай албай жатам. Азыр кайсы жерин кескенин көргөн жокмун. «Жакшымын» деп койду. Башка сөз сүйлөгөн жок», — деди апасы.