«Империя пиццы» тамактануучу жайындагы ууланууга балык себеп болгон

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Империя пиццы» тамактануучу жайындагы массалык ууланууга балык себеп болгон. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. 

«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, бардыгын текшеришти. Ууланууга балык себеп болгон. Кафенин жетекчилиги жеткирүүчүлөр менен иш алып барат, ал эми Япон ашканасы азырынча менюда жок», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетсе, 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. 28-октябрда 318 адамдын ооруканаларга кайрылганы маалым болгон.