Инаугурация «Ала-Тоо» аянтындагы чоң экранда түз эфирде көрсөтүлөт

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи «Ала-Тоо» аянтында орнотулуп жаткан чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу SEREP.MEDIA маалымат агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда аянттагы Манас айкелинин жанында бир нече адам LED-экранды орнотуу үчүн темир конструкцияларды орнотуп жатышат.

28-январда өтүүчү президенттик кызматка киришүү аземине журналисттер чакырылган эмес.