Инаугурацияга чейин Бишкектеги айрым көчөлөрдүн жол кыймылына чектөө киргизилет

Бишкек шаарында Манас жана Чүй проспектилери президенттик инаугурацияга даярдык көрүү үчүн убак-убагы менен жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун резиденциядан Ак үйгө чейинки бөлүгүндөгү жол кыймылына 2-3 күн чектөө коюлат. Чектөө алдында милициянын кайгуул кызматы шаар тургундарына алдын-ала маалымат берип турат.

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январь күнү Улуттук филармонияда саат 10:00дө башталат.