Болливуд кино индустриясы Кыргызстанда кино тартууга кызыкдар

Бүгүн, 11-мартта Ошто өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Индиянын элчиси Болливуд кино индустриясы Кыргызстанда кино тартууга кызыкдар экендигин айткан.

Ошондой эле тараптардын жолугушуусунда Ош облусунун аймагында туризмди өнүктүрүү, бал, курут жана башка азыктарды экспорттоо, фармацевтика багытында дары-чөптөрдү терип-өстүрүү жана башка экономикалык маселелер талкууланган.