Индия-Пакистан чыры: Билим берүү министрлиги чет элдик студенттер билим алган ЖОЖдордогу көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте жогоруда аталган өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттердин ортосунда провокациялардын жана чыр-чатактын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Чет мамлекеттерден келген студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлардын администрацияларына чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу, алардын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды мониторингдөө жана келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылган.

29-апрелде УКМКнын демилгеси менен министрликтин имаратында Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалды жана чет элдик студенттер арасында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтып, чет элдик студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.