12-октябрда Нью-Делиде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү.
Иш-чаранын расмий бөлүгү эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды, ошондой эле ардактуу конокторунун жана Индиядагы элчинин сөздөрү менен башталды. Кечеде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан элдик композиторлордун чыгармалары жаңырды. Кеченин солисттери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиңдеби” жана башка популярдуу чыгармаларды аткарган Кундуз Таштаналиева жана Аскат Мусабеков болушту.
Мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли кыргыздын элдик бийлерин тартуулап, көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Концерт коомчулуктун кызуу кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын жана бийинин унутулгус кечесин тартуулады.