Индияда кыргызстандык аял асынган абалда табылды

5-январда Индиядагы элчиликке Ришикеш шаарындагы мейманкананын номеринде асынган абалда табылган кыргызстандык аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Калаанын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады.

«8-январда маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди”, — деп айтылат маалыматта.