Индияда оор абалда жаткан SUPERTV’нын каарманы көз жумду (видео)

Мындан 1 айга жетпеген убакыт мурун SUPERTV каналы Индияда реанимацияда жашоо үчүн күрөшүп жаткан 31 жаштагы Бердибек Уматов тууралуу видео жарыялаган.

Ал бөтөн эл, бөтөн жерге апасы менен бирге дартына дабаа издеп барган. “Боор циррозуна кабылган уулум бала кезинен эле ушул оору менен күрөшүп келе жатат. Анын айынан үйлөнбөй да калды” деген апасы.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бердибек Уматовдун 2-октябрь күнү каза болгону маалым болду. «6-октябрда жерге берилди. Жалпы жардам берген адамдарга Кудай ыраазы болсун»,- деди коомдук фонддон.