Индиядагы жарылуудан 36 адам каза болду (видео)

Индиянын Телангана штатындагы фармацевтикалык заводдо болгон күчтүү жарылуудан кеминде 36 адам каза болгонун Hindustan Times басылмасы жазды.

Каргашалуу окуя 30-июнда Sigachi Industries заводунда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруу кургаткычтардын биринде болуп, андан кийин катуу өрт башталган. 

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу болгон учурда заводдун аймагында 90го жакын адам болгон. Куткаруу иштери түнү бою уланып, урандылардын астынан каза болгондордун сөөгү чыгарылды. 1-июлдун таңында каза болгондордун саны 36га жетти. Бир нече адам дайынсыз болууда.