Ахмедабад шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагынын кыйроосуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
«Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин Кыргыз жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес. Индиядагы элчилик кырдаалды көзөмөлдөө максатында Индиянын тийиштүү органдары менен байланышта болууда»,- деп айтылат маалыматта.