Индиядан мекенине кайта албай жаткан мекендештер. Элчилик түз каттам уюштуруу маселесин карап жатат

«Күнүнө батирди 30 доллардан ижарага алып жатып, жашаганга 40 долларыбыз калды, эми эмне кылабыз, Дели-Ташкент аба каттамы жабылгандыгына байланыштуу болжол менен 40-50 кыргызстандык орто жолдо калдык». Мындай билдирүүнү Индияга барган кыргызстандыктар өз мекенине кайта албай жатышканын айткан Садыкжан уулу Милан калтырган эле.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү COVID-19 менен кырдаалдын курчушуна байланыштуу айрым эл аралык аба каттамдарына чектөөлөр киргизилгенин билдирди. «Ошого карабастан, элчилик Кыргызстандын өкмөтү менен биргеликте Делиден түз учууну уюштуруу маселесин карап жатат. Биз максималдуу жардам көрсөтүүгө жана бул маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз», — деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.