Индонезияда жанар тоо атылып, күлү көккө жетип жатат (видео)

Индонезиянын чыгышында Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу атылып баштаганын CNBC Indonesia жазды. Түтүн тоодон 5,5 чакырым же деңиз деңгээлинен 7000 метрге жакын бийиктикке жеткен.

Калкка жана туристтерге вулканга 6-7 чакырым радиуста жакындабай, сабырдуулукту сактоо сунушталып жатат. Табигый кырсыктар кооптуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына нөшөрлөгөн жаан-чачында лава ташкындары болушу мүмкүн экендиги эскертилди.