Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Башка вирустук инфекциялар сыяктуу эле, COVID-19 менен ооруганда иммундук система өзгөчө жабыркайт жана ага кошумча таасир жаңы ооруларга дуушар кылышы мүмкүн. Иммуностимуляторлорду алуу иммундук системанын туруксуздугун күчөтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова маалымат жыйында билдирди.
Эмне кылуу керек?
Иммунитетти көтөрүүчү дары иммуностимуляторлор, чөптөр жана БАК кошулмаларын колдонууга болбойт! Иммундук системанын калыбына келиши үчүн орточо эсеп менен 2-3 ай талап кылынат. Бул үчүн: 8 саат уктоо, оор жумуштарды аткарбоо, туура тамактануу, күн, сейилдөө, минималдуу стресс.
Бирок көптөгөн бейтаптар табиттин жоктугунан жабыркашат. Буга байланыштуу белоктордун, майлардын, углеводдордун, минералдардын жана витаминдердин белгилүү бир өлчөмүн камтыган оңой сиңирилүүчү тамактарды колдонууга тийиш, суу ичүү пайдалуу.