Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык 3 окуучу коло медалга ээ болду

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык 3 окуучу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө Ардак грамота менен сыйланды.

International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.