Royal
SerepTV Logo

"Инимди кайрып бергиле!" Аскер бөлүктө каза болгон жоокердин агасы министрдин орун басарына ыйлап кайрылды (видео)

"Инимди кайрып бергиле!" Аскер бөлүктө каза болгон жоокердин агасы министрдин орун басарына ыйлап кайрылды (видео)
Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө каза болгон жоокер Элдияр Жайлообековдун бир тууган агасы анын өлүмүнө аскер бөлүгүн күнөөлөп жатат. Ал өлүкканага маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн келген, ал жерге Коргоо министринин орун басары да барган. Агасынын айтымында, Элдияр түнкү саат 00:00дө үй-бүлөсүнө телефон чалып, акча сураган. "Кызматтан кетүүгө 1500 сом керек экенин айтты. Офицерлер үчүн деп. Эмне максатта экенин айта албайм. Телефон чалганда дайыма бирдик сурачу. Азыр жок. Өлтүрүштү!" - дейт ал. Бүгүн, 4-июлда Коргоо министрлигинен Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарганын билдиришкен. https://youtu.be/I5ODBDTgywk