«Инимди кайрып бергиле!» Аскер бөлүктө каза болгон жоокердин агасы министрдин орун басарына ыйлап кайрылды (видео)

Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө каза болгон жоокер Элдияр Жайлообековдун бир тууган агасы анын өлүмүнө аскер бөлүгүн күнөөлөп жатат. Ал өлүкканага маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн келген, ал жерге Коргоо министринин орун басары да барган.

Агасынын айтымында, Элдияр түнкү саат 00:00дө үй-бүлөсүнө телефон чалып, акча сураган. «Кызматтан кетүүгө 1500 сом керек экенин айтты. Офицерлер үчүн деп. Эмне максатта экенин айта албайм. Телефон чалганда дайыма бирдик сурачу. Азыр жок. Өлтүрүштү!» — дейт ал.

Бүгүн, 4-июлда Коргоо министрлигинен Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарганын билдиришкен.