Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясын ишке ашыруу каралды

Министрлер кабинетинде мамлекет башчынын жарлыгы менен бекитилген Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи кеңешмеси өттү.

Кеңешменини жүрүшүндө Концепциянын негизги принциптери жана милдеттери тартууланып, аны ишке ашыруу механизмдери жана каржылоо булактары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова документтин маанилүүлүгүн жана улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык рухий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын бардык министрликтерине жана ведомстволоруна өз иш-чараларынын жумушчу планын иштеп чыгуусу тапшырылды. Анын негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Концепцияны ишке ашыруу боюнча жыйынтык иш-чаралар планын даярдамакчы.

«Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясынын максаты жогорку моралдык ченемдерди, салттуулукту, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоо мүнөзүн өздөштүрүү сыяктуу ички саясаттын маанилүү багыттарын ишке ашыруу болуп саналат. Концепцияны ишке ашыруу планын даярдоо үчүн курамында министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, академик, профессорлор, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик, маданий ишмерлерден турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.