«Мэ, эне*!» Уялчаак депутаттын уятсыз жоругу

Интернет айдыңында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу тарады. Видеодон аткаминердин унаа сыртында турган жигиттерге колу менен жосунсуз аракет көрсөтүп, андан соң сөгүнгөнүн көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары анын мындай аракетин катуу сынга алып, нааразычылык пикирлерин жазышууда. “Биздин «Элита», Жогорку Кеңештин депутаттары үлгү алууга татыктуу”, — деп жазышты колдонуучулар.

Инстаграм түйүнүнө тараган видеонун автору белгисиз.