«Акундун» жетекчиси: «Эмнеге өздү жээрийбиз? Казак менен кыргыз ундун сапатында айырма жок»

«Акун» компаниялар тобунун башкы директору Нуржан Давлетбекова соцтармактагы баракчасында Кыргызстандын унун сатып алууга чакырып, видео менен бөлүштү. 

«Мени таң калдырып жаткан жагдай — бул казактын уну кымбаттаса, кыргыздардын чуу көтөргөндүгү. Кыргыздын унун алгыла. Баасы көтөрүлгөн жок! Эмнеге өзүбүздүн унду жээрийбиз? Казакстандын тегирмендери түрк жабдуулары менен болсо, биздики деле ошондой. Биздин тегирмендер дагы казак менен орустун буудайын иштетет. Сапатында айырма деле жок. Болгону казак тегирмендери унга сапатты жакшыртуучу көп нерселерди кошушат. Кыргыз уну таза, табигый болот. Ден соолугуңарды ойлосоңор, кыргыз унун жегиле! Биздин лаборатория унубуздун сапатын такай текшерип, «контрольная выпечка» жасап турат. Мен жүктөгөн видео 16-августта тартылган», — деп жазды ал.