ТикТок социалдык тармагында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уулу делген Руслан Камчы аталышындагы аккаунтта сүрөттөр жарыяланып жатат. Сүрөттүн алдында атасы менен сыймыктанарын билдирген сөздөр, ырлар жазылууда.
4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. 7-октябрда кримтөбөлдүн жубайымын деген аял интернетте видео кайрылуу жасаган болчу.










