Таажылуу торт… Интернетте Камчы Көлбаевдин уулуна таандык делген аккаунтта сүрөттөр жарыяланды

ТикТок социалдык тармагында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уулу делген Руслан Камчы аталышындагы аккаунтта сүрөттөр жарыяланып жатат. Сүрөттүн алдында атасы менен сыймыктанарын билдирген сөздөр, ырлар жазылууда.

4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. 7-октябрда кримтөбөлдүн жубайымын деген аял интернетте видео кайрылуу жасаган болчу.