Интернетте кичинекей кыздын үрөй учурган сүрөттөрү тарады. Милиция окуя Кыргызстанда болбогонун билдирди

Социалдык тармактарда бутунан жаракат алган кичинекей кыздын сүрөтү тарап, ар кандай билдирүүлөр жазылып жатат. Сүрөттүн Оштогу Какыр айылында тартылганын, анда кызды ит тиштегенин жазышкан. Ал эми жергиликтүү пабликтер сүрөттүн Ысык-Көлдүн Саруу айылында тартылганын, кызды ит тиштегени айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, окуя Казакстандын Шымкент шаарында болгонун билдиришти. Казак ЖМКларынын маалыматы боюнча кырсык 21-сентябрда болгон. Анда КамАЗ-5320 үлгүсүндөгү унаа кызды сүзүп кеткен. Окуянын кесепетинен кызга эки буту сынган деген диагноз коюлуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда Шымкент шаарынын полициясы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.