Интернетте Курманбек Бакиевдин жер тилкеси боюнча маалыматтар пайда болду

Интернетте Беларусь Республикасынын Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестринен Бакиев Курманбек Салиевичке жазылган электрондук билдирүүнүн сүрөтү пайда болду.

Жер тилкеси 2020-жылдын мартында Минск облустук аткаруу комитетинин жергиликтүү жана административдик органынын чечими менен «Кызматтык пайдалануу үчүн» берилген. Аянты 45 сотых болгон жер тилкеси Минск облусунда жайгашкан. Документте бул жер өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарында, «Минск деңизинин» эс алуу аймагында жайгашканы жазылган. 

Билдирүүдөгү картага ылайык, бул жер Беларусь президентинин резиденциясына жакын жайгашкан. Электрондук каттын анык же анык эмеси такталган эмес.