Интернетте Садыр Жапаровдун атын жамынган шылуундар болуп жатканы эскертилди

Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадасын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө. Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак, же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз», — деп жазды ал.