Интернетте “Сооронбай Жээнбеков менен белгисиз адамдын сүйлөшүүсү” деп тараган аудио талкууга түштү

Интернетке “президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз адам менен сүйлөшүүсү” деген аудио тарады. Анда Сооронбай Жээнбековдун үнүнө окшош адам оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, кыйкырып өзү менен телефондо сүйлөшүп жаткан адамды, Атамбаев жана башкаларды сөгүп, “Путин, Москва менен чалышып мушташып атам, силер үчүн” деп урушат.

Аудио боюнча президенттик аппараттан эч кандай комментарий берилген жок.

Сүйлөшүүнүн тексттин өзгөртүүсүз беребиз:

Сооронбай Жээнбеков деп айтылып жаткан адам (С.Ж.):

-Жаш баламынбы мен сага, мне ойноп жатасың?

Белгисиз адам (Б.):

— Жо, ойногон жок биерде (бул жерде), доверие… просто айтып коюп кылсаңыз болмок экен…

С.Ж.:

— Э, Москвага чейин чалышып, мушташып атам мен, эсим ооп калды… Москвага чейин! Путинге чейин чалышып атам силер үчүн! Он мошенник на**й деп, Атамбаев сволочь на**й деп бардыгы…

Б.:

— Рахмат, рахмат.

С.Ж.:

— Орустар келди биерге!

Б.:

— Мындай да…

С.Ж.:

— Э, андай кылбагыла да!

Б.:

— Жок, координация кылып койбойлубу хотя бы, координация кылып койбойлубу?

С.Ж.:

— Э, уктуңбу? Мен кетем на**й!

Б.:

— Түшүндүм, түшүндүм, мен азыр жолугуп, жолугуп келейин…

С.Ж.:

— Пошли на**й, на**й баардыгыңа тең! Мен катын эмесмин силерге окшоп, сөздөн кайткыдай!

Б.:

— Түшүндүм. Макул, мен азыр сизге барып жолугам, өзүм түшүндүрөм…

— …

Б.:

— Азыр барып жолугам, өзүм барам…

С.Ж.:

— Билгениңерди кылгыла! Э, билгениңерди кылгыла на**й, мынакей…

 Аудиону угуу үчүн шилтеме:

Интернетте “Сооронбай Жээнбеков менен белгисиз адамдын сүйлөшүүсү” деп тараган аудио талкууга түштү