Интернетте табылган кыска шектүү шилтемелерге кирбөөнү милиция эскертет

«Көңүл бургула, интернетте табылган кыска шектүү шилтемелерге кирбөөнү эскертет». Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
«Кадимки кырдаалда — сиз ишенимдүү адамдан кыска шилтеме алган болсоңуз, тынчсыздана турган эч нерсе жок. Бирок шилтемени кыскартуу кызматтары пайда болгондон бери, бул курал жоопкерчиликсиз спам жасоочулар жана хакердик чөйрөлөрдүн тарабынан ойлоп табылган. Шилтемени басуу менен сиз шектенбешиңиз мүмкүн, бирок шилтемеден кийин зыяндуу программа камтылышы мүмкүн жана жеке маалыматтарыңыз уурдалышы ыктымал», — деп жазылат маалыматта.