Интернетте тараган билдирүүдөн кийин УКМКга кайрылып, көзөмөлгө алууну өтүнүп жатышат

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге Teлеграм-каналда тарап жаткан билдирүүлөрдү көзөмөлгө алууну өтүндү.

Бишкек ШИИБден билдиргишкендей, шаардын төрт районундагы билим берүү мекемелеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. «Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери да тартылып жатат», — дешти.