«Интернеттеги кайрылуумдан кийин мени провокаторго айландырып жиберишти» дейт Баткенден Бишкекке келген аксакал

Баткендеги чек ара жаңжалында жарактан чыккан үйлөрдүн катарында Боркош Мавлянов аксакалдын да үйү бар. Дал ошол окуядан соң “гуманитардык жардам жетпей калды” деп ыйлаган аксакалдын видеосу интернетке тарап, ага реакция кылгандар четтен чыккан эле. Мавляновдун айтымында, аны президент Садыр Жапаров кабыл алам деп убада берген. Борборго келгенине эки күн болгонуна карабай, ал дале ажонун кабыл алуусуна кире электигин айтты.

“Интернетте тараган кайрылуумдан кийин айыл өкмөт башчы “Бул чалды укпагыла, бул чал Максат айылынын тургуну эмес” деп провокация кылып жүрөт. Ар кандай кысымчылык кылып жатат. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, мен Кудай астында акмын”, – дейт каарманыбыз.

Ошондой эле каарманыбыз айыл өкмөт башчынын ар түрдүү маалыматтарына нааразы экенин да айтты. “Провокация кылып, ар кандай маалыматтарды таратканы мага психикалык оор сокку болду. Бул боюнча атайын прокуратурага кат жазып, кайрылып койдум. Кудай буйруса, териштирип берет деген үмүттөмүн”, — деди аксакал.