Интернеттеги видео: Бала бакча жетекчиси менен айыл өкмөт башчысынын урушу

Бүгүн, 29-январда Интернет айдыңында бала бакча жетекчиси менен айыл өкмөт башчысынын урушуп жаткан видеосу кызуу талкууга түшүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, видео Талас облусунун Бакай-Ата районунда тартылган.

Видеодон бала бакча жетекчиси айыл өкмөттү имараттан түртүп чыгарып салып жатканын, ага карабай айыл өкмөт башчысынын аялга кол көтөрүп, аны балдар ойноочу аянтка кулата түртүп салганын көрүүгө болот.