«Ипотекага үйдү мамкызматкерлер эле алат экен» деген тамада калп айтканын моюндады (видео)

Буга чейин тамада Абас Муратовдун видеосу тараган. Анда ал мамлекеттик ипотекалык компанияга нааразычылыгын билдирип, «ипотекага үйдү мамлекеттик кызматкерлер эле алат экен» деген.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов тамаданы компанияга алып барып, иштөө тартиби менен түшүндүрдү.